Каттамдын графигин сактабаган коомдук транспорттун айдоочуларына чара көрүлдү
Бишкек шаардык мэриясы калаадагы коомдук транспорттордун ишин текшерүүгө алып, бир катар эреже бузууларды аныктады. Калаа башкармалыгынан транспорттордун пландалган чыгуусу, кыймыл аралыгы жана графиги, ошондой эле жүргүнчүлөрдү ташуу эрежелеринин сакталышы текшерилгенин айтышат.
Текшерүүнүн жыйынтыгында пландуу чыгуунун сакталбагандыгы, кыймылдын аралыгы аткарылбаганы аныкталып, күз-кыш мезгилине техникалык жактан даяр эместиги да тастыкталды.
Тартип бузган айдоочуларга башкармалык тарабынан дисциплинардык чаралар көрүлүп, мыйзам бузууларды тез арада жоюу боюнча фирмаларга тиешелүү эскертүүлөр берилди. Ошондой эле жетекчилерге кыймылдуу составдын техникалык абалын жана айдоочулардын иш тартибин такай текшерип туруу тапшырылды.
Мындай текшерүүлөр суук мезгилде тез-тез жүргүзүлүп турарын кошумчалашты мэриядан.