Майлуу-Суу шаарына өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Аймакта таза суу, жылуулук жок
RU

Майлуу-Суу шаарына өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Аймакта таза суу, жылуулук жок

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарына өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Буга 12-январда таза суу берүү үзгүлтүккө учураганы себеп болгонун ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашты.

Белгилүү болгондой, таза суу өтүүчү түтүктөр тоңуп, суунун басымы кескин төмөндөгөн. Анын кесепетинен шаардыктарга берилүүчү суунун көлөмү азайып, №1, 3, 4 отканаларда жылуулук берүү системасына суу толук келбей үзгүлтүккө учураган.

Түзүлгөн кырдаалга байланыштуу шаардык Жарандык коргонуу кызматтарына тиешелүү тапшырмалар коюлду.

Суунун көлөмүн калыбына келтирүү үчүн өрт өчүрүүчү унаалар дарыядан суу сордуруп, отказанга толтуруу жумуштарын аткарышкан. Ага карабай шаарга жылуулук берүү токтоп, бүгүн, 13-январда шаардын Жарандык коргонуу кызматынын жыйыны өткөрүлүп, шаар аймагына өзгөчө кырдаал режими жарыяланды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9909