Кыргыз-Тажик дипломатиялык мамилелерине 30 жыл. Рахмон куттуктоо катын жолдоду
RU

Кыргыз-Тажик дипломатиялык мамилелерине 30 жыл. Рахмон куттуктоо катын жолдоду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон өлкө башчы Садыр Жапаровго эки өлкөнүн дипломатиялык мамилелеринин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата кат жолдоду. Президенттин администрациясы Эмомали Рахмондун катын жарыялады.

"Акыркы отуз жылдын ичинде биздин мамлекеттер достук жана ынак коңшулук маанайда саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактарда мамлекеттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүүдө белгилүү натыйжаларга жетишти.

Тажикстан менен Кыргызстан көп тараптуу түзүмдөрдүн аянтчаларында кызматташуунун оң тажрыйбасына ээ, эл аралык жана аймактык уюмдардын алкагында өз ара колдоо көрсөтүп, глобалдык демилгелерди биргелешип илгерилетүүдө.

Мен тажик-кыргыз мамилелеринин мындан аркы өнүгүшү биздин өлкөлөрдүн жарандарынын түпкү кызыкчылыктарына жооп берип, Борбордук Азияда тынчтыкты жана туруктуулукту сактоого салым кошот деп ишенем.

Биргелешкен күч-аракеттер менен биз мамлекеттер аралык мамилелерди бекемдөөгө, аларды жаңы практикалык мазмунга толтурууга мындан ары да ар тараптан салым кошобуз деп терең ишенем", - деп айтылат анда.

Эмомали Рахмон Садыр Жапаровго чың ден соолук жана ийгиликтерди, ал эми дос кыргыз элине тынчтык, бакубатчылык жана өнүгүү каалады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9914