"Аалам сулуусу" сынагынын уюштуруучулары Кыргыз өлкөсүнөн кечирим сурашты
RU

"Аалам сулуусу" сынагынын уюштуруучулары Кыргыз өлкөсүнөн кечирим сурашты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Аалам сулуусу" эл аралык сынагынын уюштуруучулары Кыргыз өлкөсүнөн кечирим сурашты. Буга Кыргызстандын атынан катышып жаткан Алтынай Ботоярованы Казакстандын аруусу деп тааныштырганы себеп болгон.

Бул көпчүлүктүн нааразычылыгын жаратып, талкууга алынган. Кыргызстандык аруу дагы нааразычылыгын айтып, уюштуруучуларга эскерткен. Бир нече жолку эскертүүдөн кийин сынактын уюштуруучулары катачылык үчүн Кыргызстандан кечирим сурашты.

Нью-Орлеанда өтүп жаткан "Аалам сулуусу" сынагынын финалы 14-январда болот.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9915