Балдар үйүндө чыккан өрттөн жабыркагандар жок
RU

Балдар үйүндө чыккан өрттөн жабыркагандар жок

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте балдар үйүндө өрт чыкты. Бактыга жараша жабыркагандар жок дешет ӨКМнын маалымат кызматынан.

Бегилүү болгондой, 13-январда саат 19:00 чамасында Аламүдүн районунун Кара-Жыгач айылынын Шопоков көчөсүндө жайгашкан балдар үйүнөн өрт чыккан.

Жерине эки өрт өчүрүүчү бөлүм жана ыкчам нөөмөт кызматы тартылган. Мекеменин ичинен тарбиячылар жана балдар эвакуацияланган. Жабыркагандар жок.

Өрт саат 20:13тө чектөөгө алынып, саат 23:08де толук өчүрүлдү.

Өрттүн кесепетинен балдар үйүнүн чатыры, экинчи кабаты жана буюмдар толук күйдү. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9916