ЖЭБдеги авариядан кийин кызматтан алынган Нурлан Өмүркул уулу кайрадан жетекчи болду
RU

ЖЭБдеги авариядан кийин кызматтан алынган Нурлан Өмүркул уулу кайрадан жетекчи болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек ЖЭБине Нурлан Өмүркул уулу кайрадан жетекчи болуп дайындалды. Бул маалыматты Kaktus.media сайтына ЖЭБдин басма сөз кызматынан тастыкташты.

Нурлан Өмүркул уулу 2018-жылы Бишкек ЖЭБин жетектеген. Ошол эле жылдын 26-январында Бишкек ЖЭБинде авария орун алып, 2-февралда ал кызматтан бошотулган.

Маалым болгондой, Нурлан Өмүркул уулу 1998-жылы Политехникалык окуу жайын аяктап, 2002-жылы жылуулук энергетик квалификациясын алган. Биринчи жолу ЖЭБдин жетекчиси болуп 2017-жылы дайындалган. Ал кызматтан кетүүдөн баш тартып, катардагы жумушчуларды, ошондой эле цехтин жетекчилерин аны колдоо митингине чыгууга мажбурлаган.

Нурлан Өмүркул уулу кызматтан алынгандан кийин Бишкек ЖЭБди Андрей Воропаев жетектеген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9922