Жалал-Абадда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү ишкерлерден акча талап кылган деп кармалды
RU

Жалал-Абадда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү ишкерлерден акча талап кылган деп кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абадда жергиликтүү ишкерлерден опузалап акча талап кылып жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашат.

Белгилүү болгондой, Кызыл-Ай айылынын 1998-жылы туулган Ж.уулу А. аттуу тургуну күч колдонуп, коркутуу жолу менен жергиликтүү ишкерлерден 1 миллион сомдон ашык акча жана башка материалдык керектүү каражаттарды системалуу түрдө талап кылып жүргөн. Ошондой эле Сай айылынын аймагында жер тилкелерин өз алдынча басып алуу менен алектенип, 20 сотых жерге айыл чарба багытындагы мал сарай жана мыйзамсыз турак жай куруп алган.

Учурда кармалган адам УКМКнын тергөө камак жайына киргизилип, териштииүү иш-чаралары уланууда.

УКМКнын Жалал-Абад облустук башкы башкармалыгы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү тарабынан опузалоо, коркутуу жана башка мыйзам бузуу фактылары болсо маалымат берип коюуну өтүнөт. Байланыш номерлери: (03722) 5-60-49, (03722) 5-49-61.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9927