Орто-Сай базарында жашылча-жемиш саткан жай күйдү. Жабыркагандар жок
RU

Орто-Сай базарында жашылча-жемиш саткан жай күйдү. Жабыркагандар жок

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектеги Орто-Сай базарында 15-январга караган түнү өрт чыкты. Кырсыктын кесепетинен жабыркагандар жана каза болгондор жок дешет ӨКМдан.

Маалым болгондой, 15-январда саат 02:38 чамасында Орто-Сай базарынан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине тартылган өрт өчүрүүлөр саат 03:37де өрттү чектөөгө алышып, саат 05:10до толук өчүрүштү.

Жалпы аянты 180 чарчы метр жашылча-жемиш сатуучу жай жана эт сатуучу 6 павильон (желим материалдан курулган) муздаткыч, отургучтар күйгөн.

Өрттүн себеби учурда такталууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9928