Курманбек Бакиевдин жубайы 47 жашында каза болду
RU

Курманбек Бакиевдин жубайы 47 жашында каза болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин жубайы Назгүл Төлөмүшева 15-январда каза болду. Маалыматты редакцияга өздүк булактар ырасташты.

Назгүл Төлөмүшева 47 жашта болгон. Ал жүрөк оорусунан көз жумду. Акыркы сапарга узатуусу Жалал-Абад облусунун Казарман айылында өтөт. Маркумдун сөөгү өлкөгө жеткирилди.

Курманбек Бакиев менен Назгүл Төлөмүшеванын ортосунда 23 жаштагы Лейла жана 18 жаштагы Данияр деген балдары бар.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9955