Акылбек Жапаров университеттин ардактуу профессору болду
RU

Акылбек Жапаров университеттин ардактуу профессору болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош мамлекеттик университетинин ардактуу профессору болду. Ага мындай наам Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында окуу жайга барганда ыйгарылды.

Министрлер кабинетинен кабарлашкандай, Жапаровго университеттин базасында түзүлгөн жана жарандарга дээрлик бардык медициналык кызматтар көрсөтүлүүчү көп тармактуу клиникалык оорукана көрсөтүлдү.

Белгилесек, көп тармактуу клиникалык ооруканада 60 ашуун адам иштейт, анын кызматкерлеринин 95%ы – ОшМУ бүтүрүүчүлөрү.

Министрлер кабинетинин башчысы ОшМУ мыкты натыйжаларга ээ болуп жаткандыгына токтолуп, университеттин ишин канагаттануу менен белгиледи.

Ошондой эле Жапаров Ош мамлекеттик университетинин профессордук-окутуучулар курамы менен жолугушуп, студенттер тарабынан даярдалган стартап долбоорлор тартууланды.

Соңунда Акылбек Жапаровго ОшМУнун ардактуу профессору наамы ыйгарылды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9962