Бишкектеги Батыш автобекетинде түндө өрт чыгып, эртең менен өчүрүлдү. Видео
RU

Бишкектеги Батыш автобекетинде түндө өрт чыгып, эртең менен өчүрүлдү. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаарындагы Батыш автобекетинде өрт чыкты. ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашкандай, өрт 19-январга караган түнү чыккан.

Өрттү өчүрүүгө 4 унаа, 1 штаб жана ИИМден 1 экипаж, "Тез жардам" кызматынан 1 бригада, РЭТтен 1 бригада, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынан 1 кызматкер тартылды.

Тилсиз жоо саат 05:56да чектөөгө алынып, саат 08:54тө толук өчүрүлдү. Жабыркагандар болгон жок. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери жана материалдык чыгымдары такталууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9980