Айгүл Жапарова Тегеранга барды. Ал таасирдүү аялдардын конгрессине катышат
RU

Айгүл Жапарова Тегеранга барды. Ал таасирдүү аялдардын конгрессине катышат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарова 20-январда Тегеран шаарында өтө турган Илим жана маданияттагы таасирдүү аялдардын биринчи эл аралык конгрессине катышат. Бул туурасунда президенттин администрациясынан маалымдашты.

Белгилүү болгондой, иш-чаранын алдында Айгүл Жапарова Иран Ислам Республикасынын президентинин жубайы Джамиле Аламолхода менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар маданий-гуманитардык өнүктүрүү жана саламаттыкты сактоо тармагындагы кызматташуу маселелери боюнча пикир алмашты.

Ирандын биринчи айымы Джамиле Аламолхода чакыруусун кабыл алганы үчүн Айгүл Жапаровага ыраазычылык билдирди.

Анын айтымында, бул иш-чара аялдардын коомдогу ролун бекемдөөгө багытталган долбоорлорду ишке ашыруу боюнча алардын аракеттерин бириктирет.

Айгүл Жапарова бүгүнкү күндө аялдын ролу абдан чоң жана алмаштырылгыс экенин баса белгиледи. Кыргызстанда аялдар ар кыл тармактарда эмгектенип, коомдук турмушка активдүү катышып, өлкөнүн өнүгүшүнө өз салымын кошуп келишерин белгиледи.

Тараптар бул багыттагы мамилелерди өнүктүрүү үчүн эки өлкөнүн болгон мүмкүнчүлүктөрүн жана жогорку потенциалын пайдаланууну макулдашышты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9995