Айгүл Жапарова Иранда өткөн таасирдүү аялдардын конгрессинде эмнелерди айтты? Кыскача
RU

Айгүл Жапарова Иранда өткөн таасирдүү аялдардын конгрессинде эмнелерди айтты? Кыскача

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Биринчи айым Айгүл Жапарова Иранда өткөн Илим жана маданияттагы таасирдүү аялдардын биринчи эл аралык конгрессине катышты. Ал Кыргызстандагы аялдардын орду тууралуу жана гендердик теңчилик боюнча сөз сүйлөдү.

Айгүл Жапарованын конгресстеги сөздөрүнөн:

  • Кыргызстанда аялдар - өлкөнүн экономикалык турмушунун активдүү катышуучулары. Аялдардын ийгиликтүү экономикалык ишмердүүлүгү республиканын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө оң салым кошуп жатканы талашсыз.
  • Кыргызстан аялдары ар убакта өз мамлекетинин өнүгүшүнө жана гүлдөшүнө эбегейсиз салым кошуп келишкен. Алардын активдүү катышуусу болбосо, көп улуттуу элибиздин руханий дөөлөттөрүн кайра жаралуусун жана көбөйүшүн, коомдун адептүүлүгүн чыңдалышына жана улуттук мүнөздүн мыкты белгилеринин сакталышын элестетүү мүмкүн эмес.
  • Биздин элибиздин аялдары дүйнөнүн башка элиндей эле татаал жана динамикалуу мүнөзгө ээ. Элибиз аялдын идеалын анын сулуулугунан гана эмес, баарынан мурда анын табигый акыл-эсинен, кайраттуулугунан, чечкиндүүлүгүнөн көргөн.
  • Кыргыз Республикасында гендердик теңчиликке жетишүү боюнча көрүлүп жаткан аракеттер жана чаралар тууралуу айтып берди. Аялдардын ролун жогорулатуу жана гендердик өнүгүү маселелери эң маанилүү өкмөттүк документтерге, анын ичинде 2022-жылдын октябрында бекитилген 2030-жылга чейин гендердик теңчиликке жетишүүнүн Улуттук стратегиясында камтылган.
  • Кыргызстан Жарандык жана саясий укуктар боюнча эл аралык пактынын кошумча протоколунун катышуучусу болуп саналат, муну менен аялдардын адам укуктарынын эл аралык системаларын колдонууга мүмкүнчүлүктөрү кеңейди.
  • Өлкөдө гендердик мыйзамдарды калыптандырууну, гендердик статистиканы өнүктүрүүнү жана аялдардын лидерлигин колдоо боюнча атайын чаралар саясатын калыптандырууну камтыган институционалдык механизм түзүлгөн.
  • Кыргызстанда аялдардын саясатка катышуусу жагынан гендердик теңчиликти ар тараптуу камтыган мыйзамдар бар. Мыйзамга ылайык, саясий партия талапкерлердин тизмесин аныктоодо өкүлчүлүктү: бир жыныстагы талапкерлердин 70%дан ашпаганын эске алышы керек. Ошондуктан Жогорку Кеңешке шайлоонун жыйынтыгы боюнча 2021-жылдын ноябрь айында 19 аял шайланган. Бүгүнкү күндө өлкөнүн Министрлер Кабинетинин курамында 4 аял бар.
  • Аялдардын ийгиликтүү экономикалык ишмердүүлүгү өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө оң салым кошуп жатканы талашсыз. Жыл сайын ишкер аялдардын саны өсүүдө. Билим берүү тармагындагы социалдык багыттагы бизнестин жана долбоорлордун басымдуу бөлүгүн аялдар ишке ашырат. Өлкөдө аялдардын саны 3,3 миллиондон ашык же жалпы калктын 50,4 пайызын түзөт. Жалпысынан экономикалык иштин түрлөрү боюнча аялдардын иш менен камсыз болушу 38,4% түзөт.
  • Айгүл Жапарова бүгүнкү конгресс аялдардын лидерлигин жана анын ар түрдүүлүгүн өнүктүрүүгө маанилүү салым кошот жана бардык өлкө-катышуучулардын жана элдердин улуу аялдарынын тажрыйбасын колдонуп, жалпы ийгиликтердин пайдубалын түзө алат, деген ишенимин билдирди.
  • Биринчи айым "Эне - балага тирек" коомдук фондун жетектей турганын айтып, фонд биринчи кезекте балдарга жана энелерге жардам берүү, алардын жашоо сапатын жакшыртуу, потенциалын коргоо жана өнүктүрүү максатында иштелип чыкканын кошумчалады.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10016