Унаа экиге бөлүнүп кеткен кырсыктан кыз менен жигит каза болушту
RU

Унаа экиге бөлүнүп кеткен кырсыктан кыз менен жигит каза болушту

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте түн ичинде жарнама мамысын сүзгөн унаада 3 кыз жана 1 жигит болгон. Маалыматты Милициянын кайгуул кызматынан кабарлашты.

Белгилүү болгондой, кырсыктын кесепетинен 2000-жылы туулган жигит жана кыз каза тапты. Алар жүргүнчү болушкан.

Учурда 18 жаштагы айдоочу кыз менен 2003-жылы туулган дагы бир кыз ооруканада.

Белгилесек, 21-январь күнү саат 23:30 чамасында А.Токомбаев көчөсүндө (Түштүк магистраль) Kia Sorento унаасынын айдоочусу катуу ылдамдыкта келе жатып, рулду башкара албай калган. Унаа жарнак мамысын сүзүп, экиге бөлүнүп кеткенин күбөлөр билдиришкен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10022