Прокурор Болот Назаровду 10 жылга эркинен ажыратууну суранды
RU

Прокурор Болот Назаровду 10 жылга эркинен ажыратууну суранды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чүйдүн Москва райондук соту төкмө акын Болот Назаровго козголгон кылмыш ишин карап жатат. Анда прокурор талап-тоноо боюнча жети жыл, баңгизат боюнча үч жыл сураганын жактоочу Бакыт Автандил айтты.

Жактоочу белгилегендей, Болот Назаровдун ишинде мамлекеттик айыптоочу алмашкан. Тараптардын жарыш сөзүндө жаңы дайындалган айыптоочу акынды 10 жылга кесүүнү сурады.

Белгилей кетсек, Назаровго козголгон иш боюнча соттук отурум 24-январда саат 15:30да Чүй облусунун Москва сотунда болот.

Төкмөнүн кармалышы:

2022-жылы 9-ноябрда Болот Назаров талаадан жылкыны минип качып кеткенге шектелип кармалган. Жабырлануучу делинген тараптын тосмо арыз жазуусуна атайын кызматтын өкүлдөрү тоскоолдук кылышып, Москва райондук соту төкмөнү 1 айга СИЗОго камакка алуу чечимин тандаган.

Журналист Олжобай Шакир Болот Назаровду өнөр адамдарынын бири тойго алып барганын, ал жактан ат мингизиптир деп сөз болгонун айтып чыккан. Ал арада ырчы Кубаныч Ажыбаев Болот Назаров менен бир тойдо кызмат кылганын, бирок ал жакка төкмө акынды алып барбаганын билдирген.

2023-жылы 10-январда Москва райондук соту Назаровду 16-мартка чейин камакта калтырган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10040