Болот Назаров март айына чейин камакта калтырылды
RU

Болот Назаров март айына чейин камакта калтырылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Төкмө акын Болот Назаров март айына чейин камакта калтырылды. Чүйдүн Москва райондук соту 10-январда төкмөнүн баш коргоо чарасын карады.

Соттун чечими менен тергөө аяктаганга чейин Болот Назаров 16-мартка чейин камакта калат.

Төкмөнүн кармалышы:

2022-жылы 9-ноябрда Болот Назаров талаадан жылкыны минип качып кеткенге шектелип кармалган. Жабырлануучу делинген тараптын тосмо арыз жазуусуна атайын кызматтын өкүлдөрү тоскоолдук кылышып, Москва райондук соту төкмөнү 1 айга СИЗОго камакка алуу чечимин тандаган.

Журналист Олжобай Шакир Болот Назаровду өнөр адамдарынын бири тойго алып барганын, ал жактан ат мингизиптир деп сөз болгонун айтып чыккан. Ал арада ырчы Кубаныч Ажыбаев Болот Назаров менен бир тойдо кызмат кылганын, бирок ал жакка төкмө акынды алып барбаганын билдирген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9872