Салык кызматкери бюджетке миллиондогон зыян келтирген деп кармалды
RU

Салык кызматкери бюджетке миллиондогон зыян келтирген деп кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкери кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кармалды. УКМКдан маалымдашкандай, кызматкер республикалык бюджетке миллиондогон зыян келтирген.

"Мамлекеттик салык кызматында иштеген Н.С. документтерди жасалмалап, Кыргыз Республикасынын бир жаранын жеке ишкер катары салык органдарында жасалма түрдө каттоодон өткөрүп, андан кийин анын атынан көмүскө экономикалык иштерди аткарып жүргөн. Жыйынтыгында бюджетке келтирилген зыян болжол менен 52 миллион 870 миң сомду түзгөнү такталды", - дешет коопсуздук комитеттен.

25-январда Н.С. УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди. Учурда жогоруда аталган мыйзамсыз экономикалык иштерге тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча кошумча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10079