Таласта айыл башчы коррупцияга шектелип кармалды
RU

Таласта айыл башчы коррупцияга шектелип кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Талас районундагы Бекмолдо айыл аймагынын башчысы коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылы Бекмолдо айылында ички чарбалык жолдорду оңдоо жана асфальттоо иштерине 24 млн сомго тендер өткөрүлгөн. Тендерден кийин "Календер курулуш" ЖЧКсы менен келишим түзүлүп, аталган подряддык уюмдун эсебине 5 млн 186 миң сом (биринчи транш) которулган.

Андан кийин подрядчы тарабынан которулган каражаттардын толук өздөштүрүлгөнүн көрсөтүүчү аткарылган иштердин актысы берилген. Мындан тышкары, "Календер курулуш" ЖЧКсы күйүүчү-майлоочу майларга жана башка материалдарга болгон баанын көтөрүлүшүнө таянып, негизги суммага кошумча төлөө зарылчылыгы боюнча талаптарды коюп, ишти убактылуу токтоткон. Ошол эле учурда жогорудагы аткарылган иштер стандартка жооп бербей, аткарылган иштин өздүк наркы бир топ жогорулаган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө аныкталгандай, Бекмолдо айыл аймагынын башчысы Б.С.С., "Календар курулуш" ЖЧК подряддык уюмунун жетекчиси И.М.А. жана техникалык көзөмөлдөөчү Д.К. менен кылмыштуу көмүскө бүтүмгө барып, жогорулатылган баада аткарылган иштердин актысына кол коюшкан.

Жогорулатылган баанын ашыкча көлөмүн аныктоо жана тактоо максатында аткарылган иштердин иш жүзүндөгү көлөмүн №19 жол тейлөө мекемесинин, Талас райондук архитектура-курулуш көзөмөл башкармалыгынын, Капиталдык курулуш жана архитектура башкармалыгынын адистерин тартуу менен контролдук эсептөө жүргүзүлдү.

Жыйынтыгында иш жүзүндө аткарылган иштердин көлөмү (шагыл төшөө, асбест суу түтүктөрүн монтаждоо жана пандустарды жана айланма жолдорду оңдоо) 1,5 млн сомдон ашпаганы аныкталып, жыйынтыгында жалпы суммасы 3,5 млн сомдон ашык зыян келтирилген.

Бул кылмыш ишинин алкагында Талас районунун Бекмолдо айыл аймагынын башчысы Б.С.С. жана "Календер-курулуш" ЖЧКсынын директору И.М.А. кармалып, Талас облустук милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10065