Бишкекте №100 маршруттук каттам муниципалитеттин карамагына өтөт
RU

Бишкекте №100 маршруттук каттам муниципалитеттин карамагына өтөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектеги №100 кичи маршруттук каттам муниципалитеттин карамагына өтөт. Бул туурасында шаардык мэриядан кабарлашты.

Маалымдалгандай, №100 кичи автобустун айдоочулары Транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү башкармалыгына кайрылышкан.

Аталган департаменттин директору Максат Нусувалиев айдоочулар менен жолугуп, бул маселени талкуулады.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында департаменттин жетекчиси №100 кичи автобустарды муниципалитеттин карамагына өткөрүү боюнча иштерди жүргүзүүнү тапшырды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10099