Бишкекте айрым коомдук транспорттордун каттамы өзгөрдү
RU

Бишкекте айрым коомдук транспорттордун каттамы өзгөрдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаардык мэриясынын Транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү башкармалыгында комиссиянын кезектеги жыйыны өтүп, шаардык каттамдар боюнча бир катар чечимдер кабыл алынды. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Талкуунун жыйынтыгында өзгөртүлгөн каттамдар:

  • №18 тавтобустук каттамдын кыймылынын схемасын жарым-жартылай өзгөртүү;
  • №233, 234-маршруттук кичиавтобустун кыймылынын схемасы кичиавтобустук каттамдардын пландуу чыгууларын көбөйтүү шартында өзгөртүү;
  • №234 маршруттук кичиавтобустун кыймылы Төкөлдөш кичи районуна чейин (Виноградная көчөсүнө чейин) узартуу;
  • №233 маршруттук кичиавтобустун кыймылы Чүй облустук ооруканасына чейин узартуу.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10097