Бишкекте "Кара-Кече" көмүрүн жагууга чектөө киргизүү каралууда
RU

Бишкекте "Кара-Кече" көмүрүн жагууга чектөө киргизүү каралууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун төрагалыгы астында шаардык муниципалитетте абанын булганышы боюнча атайын ведомстволор аралык комиссиянын кезектеги жыйыны болду. Бишкек шаардык мэриясынан кабарлашкандай, жыйынга мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү жана министрликтер менен ведомстволордун өкүлдөрү катышты.

Кыска мөөнөттүү иш-чаралардын сап башында Бишкек шаарындагы 5 конушту газдаштыруу пландалууда. Андан тышкары муниципалдык көмүр отканаларды газга жана башка альтернативдүү жылуулук булагына өткөрүү зарылдыгы белгиленди.

Келээрки жылы от жагуу мезгилинде Бишкек шаарында "Кара-Кече" көмүрүн жагууга чектөө киргизип, Казакстандын жогору калориялык көмүрүн киргизүү маселеси талкуууланды.

Мындан тышкары жаңы конуштарда 12 муниципалдык мончо жана таштандыларды кайра иштетүүчү заводдорду куруу сунушталды. 500 бирдик экологиялык коомдук транспортун киргизүү маселеси көтөрүлдү.

Ички иштер министрлиги менен биргеликте Бишкек шаарынын кире беришинде шаарга кирген автомашиналарын каттоо видеокамераларын орнотуу, техникалык абалын белгилөчү системасын өздөштүрүү, унаалардын экологиялык нормаларга шайкештигин текшерүү сунушу каралды.

Мындан тышкары бир түстөгү 500 даана электр таксилерди сатып алуу боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашыруу каралууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10114