Бишкектеги жаңы конуштарга жаратылыш газы киргизилет. Жапаров тапшырма берди
RU

Бишкектеги жаңы конуштарга жаратылыш газы киргизилет. Жапаров тапшырма берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкектеги 20 жаңы конушту жаратылыш газы менен камсыздоо маселесин иштеп чыгууну тапшырды. Бул туурасында ал облустук мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин катышуусунда өткөн республикалык кеңешменин жүрүшүндө билдирди.

"Быйыл Бишкек шаарындагы 20 конушту жаратылыш газы менен камсыздоо маселесин иштеп чыгуу зарыл. Алдыга ушундай чоң максаттарды койбосок, ыш маселесин чече албайбыз. Улан-Батор шаарынан үлгү алып, жылытуунун экологиялык таза түрлөрүнө өтүшүбүз керек", - деди.

Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров учурда 27 жаңы конушка жаратылыш газы киргизилгендигин билдирди.

Министрлер кабинетинин төрагасы ыш маселесин чечүү багытында төмөндөгүдөй тапшырмаларды койду:

  • Экономика жана коммерция министрлигине, Финансы министрлигине жана Бишкек шаарынын мэриясына "Газпром" компаниясы менен тиешелүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү;
  • Транзиттик транспорттор шаардын аймагына кирбестен, борборду айланып өтүүсүн;
  • Катализаторлору жок эски унаалардын шаарда жүрүүсүнө тыюу салууну;
  • Бишкек шаарында таштандыларды кайра иштетүүчү заводду быйыл ишке киргизүүнү.

Ошондой эле Бишкек шаардык мэриясына 1000 автобус сатып алуу маселесин иштеп чыгууну тапшырды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10007