Бишкек-Баткен-Бишкек багыты боюнча аба каттамдар жанданды
RU

Бишкек-Баткен-Бишкек багыты боюнча аба каттамдар жанданды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектен Баткенге туруктуу аба каттамдар жанданды. Маалыматты "Манас" эл аралык аэропортунан кабарлашат.

Белгилегендей, 7-февралдан баштап ата мекендик "Тез Джет" авиакомпаниясы Бишкек-Баткен-Бишкек багыты боюнча үзгүлтүксүз каттамдарды кайрадан жандандырды. Каттамдар жумасына бир жолу – шейшемби күндөрү аткарылат.

Белгилей кетсек, "Баткен" аэропорту 2022-жылдын 1-августунда аэродромдун элементтерин оңдоо жана калыбына келтирүү иштерине байланыштуу убактылуу жабылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10123