1-августтан тарта "Жалал-Абад", "Баткен" аэропорттору жабылат
RU

1-августтан тарта "Жалал-Абад", "Баткен" аэропорттору жабылат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Жалал-Абад" жана "Баткен" аэропорттору оңдоо иштерине байланыштуу 1-августтан тарта жабылат. Бул туурасында "Манас" эл аралык аэропортунун маалымат кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, аталган аба майдандарындагы аэродромдордун элементтерин оңдоо жана калыбына келтирүү иштерин 1-ноябрда бүтүрүү пландалууда.

"Баткен", "Жалал-Абад" аэродромдорунда капиталдык оңдоо иштери бул убакытка чейин жүргүзүлгөн эмес.Капиталдык оңдоо иштери аэродромдордун төшөлмөлөрүнүн колдонуу мөөнөтүн узартуу жана учуулардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында жүргүзүлөт.

Аэродромдордун азыркы кездеги асфальт-бетондук төшөлүшү бөлүнгөн ресурсту толугу менен иштеп бүтүргөн. Мындай төшөлмөнүн жарамдуу мөөнөтү 8-10 жылды гана түзөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7656