Баткенде 2 жашка толо элек кызын урган аял убактылуу кармоочу жайга киргизилди
RU

Баткенде 2 жашка толо элек кызын урган аял убактылуу кармоочу жайга киргизилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткенде 2 жашка толо элек кызын урган аял убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Маалыматты облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Белгилесек, 27-январда Кадамжай районунун 1984-жылы туулган А.Б. аттуу тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Ал жарандык никедеги аялы 2021-жылы туулган А.Х. аттуу кызын уруп, зомбулук көргөзүп келгендигин билдирип, мыйзам чегинде чара көрүүнү суранган.

Наристеге соттук-медициналык жана соттук-психологиялык-психиатриялык экспертизалар дайындалган.

Бул факты боюнча 138-берененин 2-бөлүмүнүн 2-пункту (баланы же алсыз абалдагы же күнөөлүүдөн материалдык же башкадан көз каранды болгон адамды уруп сабоо) боюнча кылмыш иши козголгон. Наристесин урган аял убактылуу кармоочу жайга 48 саатка киргизилди.

Ал эми Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын алдындагы балдар иштери боюнча комиссиясынын чечиминин негизинде аялдын үч баласы мамлекеттин камкордугуна убактылуу алынып, Кадамжай районунда жайгашкан "Кут Кадам" үй-бүлө тибиндеги балдар үйүнө жайгаштырылды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10129