Президент: Акылбек Жапаровго асылгандардын арасында кызматына кызыккандар бар
RU

Президент: Акылбек Жапаровго асылгандардын арасында кызматына кызыккандар бар

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Акыркы күндөрү соцтармак колдонуучулары тарабынан министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго сын-пикирлер айтылды. Президент Садыр Жапаров "Кабар" маалымат агенттигине маек берип жатып, айтылган сындардын артында кимдер турганын билерин белгиледи.

"Акылбек кетсин!" дегендер карапайым калктын арасында да бар. Ким эле салыктын түрлөрүн көбөйтөм деген кишини жакшы көрсүн. Бирок Акылбек Жапаровго асылгандардын арасында "ал кетсе, ордуна мен бара калсам" деген топтор басымдуулук кылат. Ошолор блогерлерге, социалдык түйүндөргө жамандатып жаздыртып жатышат.

Мен алардын кимдер экенин билем. Мурда кандай иштегендерин да билем. Акылбек Жапаров таза иштеп берип турса эле болду, кетпейт.

Ансыз да 30 жылда 35 өкмөт башчы алмаштырып, "Гиннесс китебине" киргендей болдук. Азыр мамлекеттик түзүлүш, мамлекетти башкаруу системасы мурдагыдай эмес, башкача. Албетте, мамлекет башчы катары анын ар бир кадамына тыкыр көз салып карап турам. Туура эмес кетип баратса, "бул жерден туура эмес кетип бара жатасыңар, өкмөт, токтогула" деп жол көрсөтүп турам", - дейт өлкө башчы.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10155