Өлкөдө биринчи жолу киберспортчуга "Спорт чебери" наамы ыйгарылды
RU

Өлкөдө биринчи жолу киберспортчуга "Спорт чебери" наамы ыйгарылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанда биринчи жолу киберспортчуга "Спорт чебери" наамы ыйгарылды. Бул туурасында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.

Белгилүү болгондой, маданият министри Алтынбек Максутов киберспортчу Бакыт Эмилжановду кабыл алып, ага "Киберспорт боюнча Кыргыз Республикасынын спорт чебери" наамын тапшырды.

Бул наам Кыргызстандын Бирдиктүү спорттук классификациясына ылайык ыйгарылганын жана Кыргызстандын киберспортунун тарыхында биринчи жолу берилгенин белгилейбиз.

Министр Алтынбек Максутов Кыргызстан үчүн киберспорт спорттун жаңы түрү экенин, бирок акыркы убакта спорттун бул тармагы боюнча жакшы жыйынтыктар болуп жатканын Бакыттын мисалында белгиледи. Министр санариптешкен доордо жаштар компьютердик сабаттуулуугун жана чеберчилигин максаттуу жана пайдалуу колдонушуна тилектештигин билдирди.

Маалымат катары: Компьютердик спорт федерациясы 2017-жылы Юстиция министрлигинде "Компьютердик спорт федерациясы" коомдук бирикмеси катары мамлекеттик каттоодон өткөн. Түзүлгөндөн бери спорттук салттардын так принциптеринин негизинде иш алып барышат.

2017-жылдын 12-майында Кыргызстандын компьютердик спорт федерациясы Эл аралык компьютердик спорт федерациясына мүчө болуп кирген жана ушул жылдан баштап федерация расмий түрдө кыргызстандык спортчуларды дүйнөлүк чемпионаттарга жана ар кандай эл аралык турнирлерге катышуусун камсыз кылып келет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10171