Ош облустук филармониясынын директору кызматына сынак жарыяланды
RU

Ош облустук филармониясынын директору кызматына сынак жарыяланды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Маданият министрлиги Ош облустук филармониясынын директору кызмат ордуна сынак жарыялады. Буга чейин Кыргыз Республикасынын Эл артисти Гүлшайыр Садыбакасова Рыспай Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониясынын жетекчиси кызматынан кетүү арызын жазган.

Маалымдалгандай, филармониянын директору кызмат ордуна төмөнкүдөй квалификациялык талаптар коюлган:

  • Маданият жана искусство багыты боюнча жогорку кесиптик билими, жетекчилик кызматтарда иш стажы 2 жылдан кем эмес же гуманитардык, педагогикалык, экономика жана башкаруу багыттары боюнча жогорку кесиптик билими, маданият жана искусство чөйрөсүндө иш стажы 3 жылдан кем эмес.

Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу керек:

  • Рыспай Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониясын өнүктүрүү программасы;
  • резюме (байланыш телефон номерин, электрондук почтаны көрсөтүү менен),
  • автобиография (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);
  • кадрларды эсепке алуу баракчасы;
  • нотариус же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү;
  • нотариус же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
  • илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);
  • паспорттун көчүрмөсү.

Бардык документтер папкага тиркелип, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин Адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнө 13-февралга чейин тапшырылууга тийиш. Талаптарга жооп берген катышуучулар аңгемелешүүгө чакырылат.

Дареги: Бишкек шаары, Пушкин көчөсү, 78, №108 кабинет (саат 9:00 дөн 18:00гө чейин). Байланыш телефону: +996 312 662683.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10185