Ырчы Алихан жана анын апасы үй камагына чыгышты
RU

Ырчы Алихан жана анын апасы үй камагына чыгышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ырчы Алихан январь айынын аягында тергөө камак жайынан бошотулган. Бүгүн, 3-февралда анын апасы Бактыгүл Сейитбекова да камактан чыкты. Бул тууралуу ырчы менен байланышканыбызда белгилүү болду.

Ырчынын айтымында, ал СИЗОдо 3,5 ай кармалган.

"Мен жана апам тергөө камак жайынан үй камагына чыктык. Азырынча соттук иштер аягына чыга элек. Иштин чоо-жайын териштирүү иштери жыйынтыкталганда айтам", - деди ал.

Эске салсак, 2022-жылы октябрь айында Кыргыз Республикасынын Эл артисти Роза Аманованын арызынын негизинде Бактыгүл Сейитбекова жана Кубаныч Кылданов 2 айга СИЗОго киргизилген. Бишкек шаардык сотунан алар "алдамчылык" беренеси боюнча камакка алынганын билдиришкен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10191