Шаардык сот: Роза Аманованын арызынын негизинде токтогулдук эне-бала камакка алынды
RU

Шаардык сот: Роза Аманованын арызынын негизинде токтогулдук эне-бала камакка алынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын Эл артисти Роза Аманова токтогулдук эне-баланын үстүнөн арыз жазып, алар камакка алынганы айтылууда. Маалыматты тактоо үчүн Бишкек шаардык сотуна кайрылганыбызда буларды билдиришти.

"Бактыгүл Сейитбекова жана Кубаныч Кылданов аттуу жарандардын үстүнөн "алдамчылык" (209-берененин 4-бөлүгүнүн 1-2-пункту) беренеси менен Роза Амановадан арыз түшкөн. 14-октябрда соттун чечими менен Бактыгүл Сейитбекова жана Кубаныч Кылданов 2 айга камакка алынып, СИЗО-1ге киргизилди", - дешти мекемеден.

Буга чейин интернет желесинде ар кандай билдирүүлөр, видеолор тараган. Анда Токтогулдагы мал базарды Роза Аманова менен жергиликтүү тургундар талашып жатканы айтылган. Ал эми бул окуя боюнча ырчы менен байланышуу мүмкүн болгон жок.

Маршруткалардын иш таштоосу (193 статьи)
Евро көтөрүлүп жатат. 28-октябрдагы валюта курсу
28 Октябрь 2022, 13:49
Москвада Орозайым Нарматова менен активист Илгиз Шаменов кармалды
28 Октябрь 2022, 12:27
"Өлтүрүп салгыла" деди". Сабалган журналист окуянын чоо-жайын айтып берди
28 Октябрь 2022, 12:11
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8923