Блогер Батмакан Жолболдуева журналисттин өлүмү боюнча акталды
RU

Блогер Батмакан Жолболдуева журналисттин өлүмү боюнча акталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Журналист Арзыгүл Галымбетованын өлүмүнө айыпталып жаткан Батмакан Жолболдуева бир берене боюнча акталып, калган беренелер боюнча күнөөлүү деп табылды. Маалыматты жактоочу Назгүл Сүйүнбаева ырастады.

"Арзыгүл Галымбетованы "этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү" беренеси боюнча акталды. Калган беренелер боюнча күнөөлүү деп табылып, 2 жылга пробациялык көзөмөлгө алынды. Ошондой эле блогердик ишмердүүлүгүнө 2 жылга тыюу салынды", - дейт жактоочу.

Окуя тууралуу:

2022-жылы 25-мартта Арзыгүл Галымбетованын ден соолугу начарлап, ооруканага кайрылган. Ал эми кечки саат 20:00дө неврология бөлүмүндө каза болуп калган. Бул факт "шалаакылыктын айынан өлүмгө жеткирүү" беренеси боюнча катталып, экспертизалар дайындалган. Анын өлүмүнө шектелип 33-жаштагы Батмакан Жолболдуева кармалган.

Август айында Жолдубаева соттун чечими менен үй камагына чыккан.

Жолболдуева бейбаштык кылганга жана бийлик өкүлүнө же коомдук тартипти көзөмөлдөгөн адамга каршылык көрсөткөн деп айыпталууда. Экинчи айып - жасалма документ колдонуу, үчүнчүсү - байкабастыктан адам өлүмүнө алып келүү, дагы бири - жеке турмуштун сырын бузуу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10194