Арзыгүл Галымбетованын өлүмү. Жабырлануучу тараптын айыпталуучуга доосу жок
RU

Арзыгүл Галымбетованын өлүмү. Жабырлануучу тараптын айыпталуучуга доосу жок

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Журналист Арзыгүл Галымбетованын өлүмүнө айыпталып жаткан Батмакан Жолболдуевага жабырлануучу тараптын дооматы жок. Маркумдун эжеси муну тергөө башталгандан бери эле айтып келген дейт жактоочу Назгүл Сүйүнбаева.

Жактоочу иш дагы деле сотто каралып жатканын айтты.

"Отурумда дарыгер Арзыгүл Галымбетова башкы дарыгердин көрсөтмөсү менен ооруканага жаткырылганын билдирди. Кошумчалай кетсек, Галымбетованын ноутбугу азырынча табыла элек, анткени анда маанилүү маалыматтар болушу мүмкүн. Телефону үй-бүлөсүнө кайтарылган, бирок ноутбук үйдө да, тергөөчүлөрдө да жок", - деди жактоочу.

Сүйүнбаева кошумчалагандай, Галымбетова каза болор күнү жлапысынан өзүн жакшы сезген. Ал эми ооруканага кайрылууну облустук администрацияда иштеген Айгүл аттуу таанышы сунуштаган. Дарыгерлерге баргандан кийин Галымбетованын абалы начарлап кеткен. Соттук отурумдар уланарын кошумчалады Назгүл Сүйүнбаева.

Окуя тууралуу:

2022-жылы 25-мартта Арзыгүл Галымбетованын ден соолугу начарлап, ооруканага кайрылган. Ал эми кечки саат 20:00дө неврология бөлүмүндө каза болуп калган. Бул факт "шалаакылыктын айынан өлүмгө жеткирүү" беренеси боюнча катталып, экспертизалар дайындалган. Анын өлүмүнө шектелип 33-жаштагы Батмакан Жолболдуева кармалган.

Август айында Жолдубаева соттун чечими менен үй камагына чыккан.

Жолболдуева бейбаштык кылганга жана бийлик өкүлүнө же коомдук тартипти көзөмөлдөгөн адамга каршылык көрсөткөн деп айыпталууда. Экинчи айып - жасалма документ колдонуу, үчүнчүсү - байкабастыктан адам өлүмүнө алып келүү, дагы бири - жеке турмуштун сырын бузуу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10025