Ошто күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды
RU

Ошто күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош облусунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн, 4-февралда саат 10:04тө Ош облусунун аймагында жер силкинди.

Жер титирөө Алай районунун Бор-Дөбө айылында 4 балл, Сары-Таш, Арча-Булак жана Чоң-Алай районунун Кара-Киндик айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок дешет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10197