Ысык-Көлдө Кытай менен чектешкен аймактарда жер титиреди
RU

Ысык-Көлдө Кытай менен чектешкен аймактарда жер титиреди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көлдө Кытай менен чектеш аймакта жер титиреди. Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө 28-декабрда саат 23:16да катталды.

Маалым болгондой, жер титирөөнүн күчү 6 баллга жетти. Ак-Суу районунун Таш-Короо, Кургак айылдарында 5 балл, Эчкили-Таш, Койлуу, Май-Саз айылдарында 4,5 балл, Түп районунун Кең-Суу айылында 4,5 балл жана Каракол шаарында 3,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9753