Журналист Ыдырыс Исаковду суракка чакырышты
RU

Журналист Ыдырыс Исаковду суракка чакырышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Журналист Ыдырыс Исаков Ички иштер министрлигине 2019-жылы тартылган видео боюнча түшүндүрмө берүү үчүн суракка чакыртылды. Бул маалыматты Kaktus.media сайтына журналист өзү тастыктады.

Айтымында, 2019-жылы тарткан видеосу TikTok социалдык тармагына тараган. Видео белгисиз себептерден улам ИИМ кызматкерлеринин кызыгуусун жараткан. Телефон аркылуу сүйлөшүү учурунда министрликтин Оштогу кызматкери журналистти түшүндүрмө берүү үчүн бөлүмгө келүүсүн суранган.

Исаков кайсы видео экенин анык билип, кырдаалды териштирүү керектигин, ИИМдин кызматкерлери видеону өчүрүүнү суранса да аткарбай турганын кошумчалады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10202