Маданият министрлиги Kloop басылмасынан макаланы өчүрүүнү талап кылды
RU

Маданият министрлиги Kloop басылмасынан макаланы өчүрүүнү талап кылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Kloop`тун редакциясына "АРИС Баткендеги соцобъектилердин курулушу кымбат бааланган деген маалыматты четке какты" деген макаланы алып салууну талап кылган эки кат жөнөттү. Бул тууралуу Kloop сайтында айтылат.

Катта мамлекеттик органдар бул материалда "так эмес (жалган) маалымат бар" деп белгилешкен.

Аягына министрдин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу кол койгон каттардын биринде, маданият министрлиги минтип жазат:

"Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги kloop.kg сайтындагы анык эмес маалыматты өчүрүү тууралуу чечим кабыл алды. Сайттын ээси төмөнкү шилтемедеги маалыматты https://kloop.kg/blog/2023/01/25/aris-zayavlenie-orunbekova-o-zavyshenii-agentstvom-stoimosti-stroitelstva-sotsobektov-v-batkene-nedostoverno/ бул чечим колуна тийген күндөн тартып токтоосуз өчүрүүгө тийиш.

Көрсөтүлгөн мөөнөттө kloop.kg сайтындагы анык эмес маалыматты өчүрүү тууралуу чечим аткарылбаган болсо, министрлик kloop.kg сайтынын ишин эки айга чейинки убакытка токтотуу тууралуу чечим кабыл алат".

"Маданият министрлигине сайттын үстүнөн АРИС (Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги) - макаланын башкы фигуранты арызданган", - деп айтылат маалыматта.

Ал эми Kloop`тон материалды өчүрбөй тургандыгын айтышты. "Kloop`тогу кайсы бир маалыматты өчүрүү тууралуу чечимди бир гана Kloop`тун редакциясы кабыл алат. Маданият министрлиги эмес.

Биз ката же анык эмес маалыматты жарыялаган учурда деле макаланы өчүрбөйбүз, анткени бул биздин окурмандарга карата адилетсиздик болуп калат - болгону макаланын башына кечирим сурап жазып, окурмандарга кайсы жерде ката кеткенин эскертип өтөбүз", - дешет редакциядан.

ЖМКларга болгон кысым (43 статьи)
Сот Kloop Mediaны жоюу чечимин чыгарды
10 Февраль 2024, 10:42
Камакка алынган 11 журналисттин жакындары акыйкатчыга даттанышты
26 Январь 2024, 12:49
"Соттор да күн карама өңдүү". CИЗОдогу журналист Сайпидин Султаналиев кайрылуу жасады
23 Январь 2024, 15:30
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10161