Милициядан журналист Ыдырыс Исаков суракка эмнеге чакыртылганын айтышты
RU

Милициядан журналист Ыдырыс Исаков суракка эмнеге чакыртылганын айтышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Журналист Ыдырыс Исаков Ош шаардык милициясына сурак берип чыкты. Бул туурасында ал социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирип, камтама болуп, сурагандардын баарына рахматын айтты.

Ал эми Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан Исаков күбө катары суракка чакыртылганын билдиришти.

Өткөн жумада TikTok сервисинде "Альберт" (Albert) деген аккаунт аркылуу "Кыргыз ойгон, уйгур мафиясы Кыргызстанды тоноп жатат" деген башкы теманын алкагында кыскача видеоролик жарыяланып, анда Ыдырыс Исаковдун видео кайрылуусу дагы болгон. Бул видео жана анын темасына байланыштуу Ош ШИИБдин тергөө кызматына Ыдырыс Исаков 5-февраль күнү күбө катары чакыртылып, кайрылуу качан жасалгандыгы, кайсы уйгур мафиясы тууралуу кеп болуп жаткандыгы суралды.

Ыдырыс Исаков видеону жүктөгөн "Альберт" аттуу интернет колдонуучу тааныбай тургандыгын, видео 2020-жылы элге жасаган кайрылуусунан алынып, монтаждалганын, уйгур мафиясы тууралуу кеп болуп жаткандыгын билбей турганын айтты. Ыдырыс Исаков бир саатка жетпеген убактыт суракта болгонун кошумчалашты милициядан.

Буга чейин Ыдырыс Исаковду 2019-жылы тарткан видеосу боюнча түшүндүрмө берүү үчүн суракка чакыртышкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10204