Садыр Жапаров Түркиядагы жер титирөөгө байланыштуу Эрдоганга көңүл айтты
RU

Садыр Жапаров Түркиядагы жер титирөөгө байланыштуу Эрдоганга көңүл айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоганга жер титирөөдөн каза болгондорго байланыштуу көңүл айтты. Бул туурасында президенттин администрациясынан кабарлашты.

"2023-жылдын 6-февралында Түркияда болгон жер титирөөнүн кесепетинен адамдар каза болду деген суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Жалпы Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм жана жабыр тарткандардын тез арада сакайып кетишин каалайм", - деп айтылат президенттинтелеграммасында.

Белгилей кетсек, 6-февралдын таңында Түркияда күчү 7,4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Ошондой эле Сириянын Түркия менен чектешкен аймагында да жер силкинип, кыйроолор менен коштолуп, жалпы 1000ден ашуун адам набыт болду. Миңдеген адамдар жабыркады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10216