Түркиядагы жер титирөөдөн бир кыргыз жараны жабыркады
RU

Түркиядагы жер титирөөдөн бир кыргыз жараны жабыркады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Түркиядагы жер титирөөнүн кесепетинен 1 кыргыз жараны жабыркады. Бул туурасында Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

Бүгүн, 7-февраль саат 10:00гө карата алынган алдын ала маалыматтар боюнча, Түркиядагы жер титирөөнүн жыйынтыгында каза болгондордун арасында Кыргыз Республикасынын жарандары жок экен.

Ал эми жабыркаган мекендешибиз 1984-жылы туулган А.Т. жабыр Адана шаарында жабыркаган, ага ооруканада керектүү медициналык жардам көрсөтүлдү. Бейтаптын абалы канааттандырарлык, учурда ооруканадан чыгарылды.

Анталия шаарындагы Башкы консулдуктун кызматкерлери тарабынан Адана шаарындагы 10 кыргыз жаранына азык-түлүк, суу, жылуу кийим жана жууркан түрүндө жардам көрсөтүлүп, ысык тамак берилип, алар коопсуз жерге жайгаштырылды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10227