Кадыр Досоновдун кылмыштуу тобунун мүчөлөрү акча опузалаган деп кармалды
2051
Кылмыш чөйрөсүндө Дженго каймана аты менен жүргөн Кадыр Досоновдун кылмыштуу тобунун мүчөлөрү кармалышты. УКМКдан билдиришкендей, кармалгандар 14 миң 500 доллар акча талап кылгандыгы аныкталган.
slide 3 of 2
Бул факты 208-берене (Опузалап талап кылуу) менен каттоого алынып, кылмыш иши козголгон.
Ош шаардык сотунун чечими менен жогорудагы адамдар тергөө камак жайына камакка алынды. Тергөө иштери улантылып жатат.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/10230