Депутат миллиардер соттун атын атап, судьялар кантип байып жатканына кызыкты
RU

Депутат миллиардер соттун атын атап, судьялар кантип байып жатканына кызыкты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жеңишбек Токторбаев соттор кантип байып жатканына кызыкты. Эл өкүлү 8-февралдагы парламент жыйынында Жогорку Соттун алдында кымбат баалуу BMW X5, X7, Mercedes Benz Gelendwagen, Lexus 570, Toyota 300 унаалары турарын айтты.

"Айлыкты жогорулатканга бюджетте акча жок, соттордо акча жок дейсиз. Анда алар акчаны кайдан алып жатышат? Асманданбы же Кудай "мына, сен Жогорку Соттун судьясы экенсиң, Lexus 570 же Gelendwagen айда деп бердиби?", - деп суроо салды.

Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбаев соттордун арасында байы дагы, карапайымы дагы бар экенин айтат.

"Эми эмне кыл дейсиз? Мен да көрөм ошол бай сотторду. Кээде тамашалап учагыңар же тик учагыңар барбы деп сурап калам. Кандай жол менен байыганын өзүңүздөр көрүп жатасыздар. Акыркы учурда көптөгөн судьялар жумуштан кетишти, айрымдары кылмыш жоопкерчилигине тартылды. Негизи эле кыргыз эли, депутаттар, соттор байыса сонун болмок. Ошондо элибиз байып жатыптыр деп ойломокпуз", - дейт Базарбаев.

Депутат ушул жерден сөздү бөлүп, соттор өтө ашыкча байып кетишти деди.

"Байысын, маселе жок. Бирок ашыкча эле байып жатпайсыңарбы. Жанагы Камиль Осмоналиев деген судья миллиардер экен. Анча акчаны кайдан алган? Мен такыр түшүнбөйм. 10 үйү, 10 батири, 10 унаасы бар экен", - деп нааразы болду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10246