УКМК: Судьялар, депутаттар жана министрлер Ысык-Көлдөгү коттедждерди пара катары алышкан
RU

УКМК: Судьялар, депутаттар жана министрлер Ысык-Көлдөгү коттедждерди пара катары алышкан

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМК Жогорку Соттун бир катар кызматкерлерине коррупция беренеси боюнча кылмыш иши козголгонун маалымдайт. Улуттук коопсуздук комитеттен билдиришкендей, сот кызматкерлери мурдагы президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсүнө, жакындарына таандык улутташтырылган мүлктөрдү мамлекеттик менчиктен чыгаруу боюнча адилетсиз чечимдерди чыгарган.

Белгилүү болгондой, 2010-жылы 25-майда Кыргыз Республикасынын Убактылуу өкмөтүнүн №43 декрети менен 10 гектар жер тилкеси, "Ысык-Көл-Аврора" санаторийинин аймагында жайгашкан Курманбек Бакиевдин үй-бүлө мүчөлөрүнө жана анын жакын чөйрөсүнө таандык 97 объект улутташтырылып, мамлекеттин карамагына өткөн.

Кийин кыймылсыз мүлктөр соттордун адилетсиз чечимдерди менен мамлекеттин менчигинен чыгарылган. Ошол эле учурда судьялар "Аврора плюстан" кымбат баалуу коттедждерди, ири өлчөмдөгү акча каражаттарын алышканы аныкталган. Ошондой эле Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрү жана Жогорку Кеңештин айрым депутаттары да улутташтырылган мүлктү мамлекеттик менчиктен чыгарууга көмөк көрсөткөндүгү үчүн коттедж, батирлерди пара катары алышкан.

Натыйжада алдын ала эсептөө боюнча мамлекетке 500 миллион сомдон ашуун зыян келтирилген.

Бул факты боюнча Башкы прокуратура тарабынан Жогорку Соттун мурдагы төрагасы Д.Ф.З., төраганын мурдагы орун басары С.Э.Э., Жогорку Сотунун азыркы судьялары А.Н.М., О.К.Т. жана Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун экс-төрагасы К.К.Ж`га карата "коррупция" беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.

Мындан сырткары Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсүнүн мурда улутташтырылган мүлктөрүн мамлекетке кайтаруу чаралары көрүлүүдө.

Маршруткалардын иш таштоосу (193 статьи)
Евро көтөрүлүп жатат. 28-октябрдагы валюта курсу
28 Октябрь 2022, 13:49
Москвада Орозайым Нарматова менен активист Илгиз Шаменов кармалды
28 Октябрь 2022, 12:27
"Өлтүрүп салгыла" деди". Сабалган журналист окуянын чоо-жайын айтып берди
28 Октябрь 2022, 12:11
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8855