Кадыр Досоновдун кылмыштуу тобунун дагы эки мүчөсү кармалды
2236
Ошто опузалап акча каражатын талап кылган деген шек менен эки жаран кармалды. УКМКнын маалымат кызматынан билдиришкендей, кармалгандар кримтөбөл Дженгонун уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү.
Белгилүү болгондой, алар Ош облусунун тургунунан 14 миң 500 доллар акча талап кылып, тергөө органдарынан жашырынып жүрүшкөн. УКМКнын Ош облустук жана Ош шаардык башкы башкармалыгы тарабынан Г.У.Н. жана Н.А.А. аттуу кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
slide 3 of 2
Азыркы учурда кармалгандардын мындан башка кылмыштарга тиешеси бар, жогу текшерилүүдө.
Бул фактыга шектелип буга чейин Э.А.А. жана Ж.С.Т. кармалган.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/10268