Кримтөбөл Дженгонун кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү кармалды
RU

Кримтөбөл Дженгонун кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кримтөбөл Дженгонун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү кармалды. УКМКдан кабарлашкандай, шектүү Ош облусунун Өзгөн районунда колго түшүрүлдү.

УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгы тарабынан Кадыр Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү О.Н.Ж. жана анын шериктери кармалды.

О.Н.Ж. 170-берене (Адам уурдоо) боюнча кылмыш жасагандыгы үчүн Баткен райондук соту тарабынан 2021-жылы издөөгө алынган.

Кармалган адам Баткен районунун убактылуу кармоочу жайына киргизилип, ыкчам-иликтөө иш-чаралары уланууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10287