Азамат Исмаилов "Разбой" тасмасынын уландысы тартылабы дегендерге жооп берди
RU

Азамат Исмаилов "Разбой" тасмасынын уландысы тартылабы дегендерге жооп берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Режиссёр, сценарист Азамат Исмаилов "Разбой" тасмасынын уландысы тартылабы деген көрөрмандардын суроосуна жооп берди. Ал Kaktus.kg сайтына берген маегинде тоскоолдуктар, ийгиликтер тууралуу айтып берди.

"Тасманын аягында милиция кызматкери өлдүбү, жокпу, кыздын жашоосу эмне болду? Уландысы тартылабы?" деген суроолор окурмандар тарабынан көп түшүп жатат. Эгер эл тараптан суроо-талап болсо башкача багытты көрсөткөн, окуяларды кенен чагылдыра тургандай кылып тартып калышыбыз мүмкүн", - дейт режиссёр.

Азамат Исмаилов белгилегендей, тасмага каршы арыз жазылган. Ошондой эле фильмдин пираттык версиясын атайын тараткандар да болду. Бирок дээрлик көбү колдоо көрсөтүп жатканын кошумчалады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10288