Кримтөбөл Дженгонун кылмыштуу тобунун дагы бир мүчөсү кармалды
RU

Кримтөбөл Дженгонун кылмыштуу тобунун дагы бир мүчөсү кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кримтөбөл Дженгонун кылмыштуу тобунун дагы бир мүчөсү Жалал-Абад облусунда колго түшүрүлдү. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.

Белгилүү болгондой, 10-февралда УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгы жана милиция кызматкерлери тарабынан Кадыр Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөлөрүнүн бири К.С. кармалды. Ал 1986-жылы туулган, 209-беренеде каралган кылмыштын негизинде 2022-жылдын июнь айынан бери издөөдө жүргөн. Кармалган жаран Жалал-Абад облусунун Ноокен РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда К.С.тин башка кылмыштарга катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Тергөө иштери жүрүп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10309