Алмазбек Исманкулов СИЗОго киргизилди
RU

Алмазбек Исманкулов СИЗОго киргизилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин Октябрь райондук сотунун чечими менен Алмазбек Исманкулов СИЗОго киргизилди.

Белгиленгендей, 12-февралда Башкы прокуратуранын тергөө комитетинин жетекчисинин орун басарынын өтүнүчү канааттандырылган. Ага ылайык, Исманкуловго Бишкек шаарындагы СИЗО-1ге 9-апрелге чейин камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды.

Эске салсак, "Көздүн микрохирургиясы" ооруканасынын жетекчиси Алмазбек Исманкуловго жана Бишкек мэриясынын жооптуу кызматкерлерине "Коррупция" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Алар "мыйзамсыз түрдө материалдык пайда жана башка жеңилдиктерди алуу максатында кылмыш иштерин жасаган" деп шектелүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10310