Алмазбек Исманкулов менен мэриянын кызматкерлерине кылмыш иши ачылды
RU

Алмазбек Исманкулов менен мэриянын кызматкерлерине кылмыш иши ачылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Көз микрохирургия" госпиталынын жетекчиси Алмазбек Исманкулов менен Бишкек шаардык мэриясынын түзүмдүк бөлүктөрүнүн бир нече жооптуу кызматкерлерине кылмыш иқи козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.

Маалымдалгандай, Башкы прокуратура тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, жогоруда аталган кызматкерлер материалдык кызыкчылыктарды жана башка артыкчылыктарды мыйзамсыз алуу максатында кылмыштуу аракеттерге барышкандыгы аныкталды.

Тактап айтканда, Бишкек шаарынын №6 клиникалык ооруканасынын 2-корпусунун имараты жеке жактарга ижарага берилүүгө жатпагандыгына жана ооруканаларда орундардын кескин жетишсиздигине карабастан, ижара акыларын атайылап азайтуу менен ижарага беришкен. Мыйзамсыз иштердин натыйжасында мамлекетке 93 млн 162 миң 576 сом материалдык зыян келтирилген.

Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (коррупция) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10290