"Империя пиццы" кафесинин кызматкерлерине ок аткан жаран 48 саатка камалды
RU

"Империя пиццы" кафесинин кызматкерлерине ок аткан жаран 48 саатка камалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Буга чейин Кант шаарындагы "Империя пиццы" кафесинин кызматкерлерине кардар ок атканы кабарланган. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин Чүй ОИИББдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалым болгондой, 29-январда Ысык-Ата РИИБине "Империя пиццы" кафесинин администратору (1982-жылы туулган Б.А.) арыз менен кайрылган. Анда 29-январга караган түнү болжол менен саат 05:50 чамасында белгисиз адам мас абалында коомдук тартипти бузуп, травматикалык тапанча менен 2-кабаттагы күзөтчүгө ок чыгарганы айтылган. Анын кесепетинен күзөтчү Т.С. сол далысынан жаракат алган.

Бул факты 280-берене (бейбаштык) менен катталып, кылмыш иши козголгон. Соттук-медициналык, соттук-баллистикалык жана соттук-трассологиялык экспертизалар дайындалган.

Ысык-Ата РИИБдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын негизинде кылмышка шектүү катары Бишкек шаарынын 1986-жылы туулган М.М. аттуу тургуну кармалды. Тергөө уланууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10325