Күткөн күн келди. Жаңы автобустардын каттамдары белгилүү болду
Бишкек шаарынын мэриясынан жаңы автобустардын каттамдары кандай болорун айтты. Калаа башкармалыгынын маалыматына ылайык, учурда эки автобус каттамга чыкты.
Маалымдалгандай, Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти экологиялык системаны түзүүнү эске алуу менен борбордук көчөлөрдү бошотуу үчүн автобустук каттамдардын кыймыл чиймелер долбоорлорун даярдады.
Жаңы автобустардын каттамдары төмөнкүдөй бөлүштүрүлгөн:
- №35 автобустук каттам (Батыш автобекети – Темир жол бекети – Чыгыш автобекети) узундугу 18.2 чакырым, аралыгы 7 мүнөт, күнүмдүк пландык чыгуусу 14 автобусту түзөт. Жүргүнчүлөрдүн сыйымдуулугу боюнча №113 каттамдагы 42 кичиавтобусту алмаштырат.
- №48 автобустук каттам (Батыш автобекети - Чыгыш автобекети (айланма) узундугу-18 чакырым, аралыгы 7 мүнөт, күнүмдүк пландык чыгуусу 14 автобусту түзөт. Жүргүнчүлөрдүн сыйымдуулугу боюнча №214 каттамдагы 42 кичиавтобусту алмаштырат.
- №38 автобустук каттам (Аламүдүн-1 к/р. – 110 квартал) узундугу 37.4 чакырым, интервалы – 7 мүнөт, шаардын батыш жана чыгыш бөлүгүн камтыйт, 19 автобус бөлүнгөн.
- №42 автобустук каттам (12 к/р. - Ала-Тоо ж/к) узундугу-49,6 чакырым, аралыгы – 7 мүнөт, шаардын түштүк жана батыш бөлүктөрүн камтыйт, күнүмдүк пландык чыгуусу 19 автобусту түзөт, 19 автобус бөлүнгөн.
- №7 автобустук каттам (Аламүдүн-1 к/р - Дача Достук) узундугу 40,7 чакырым, аралыгы 7 мүнөт, шаардын түндүк жана түштүк бөлүктөрүн камтыйт, пландык чыгуусу 20 автобусту түзөт. (Ютонг 6108).
Транспорт департаменти тарабынан №31,49,50,19 автобус каттамдарынын жаңы багыты иштелип чыккан:
- №31 автобус (Ынтымак ж/к - айланма) узундугу 34 чакырым, аралыгы 7 мүнөт, күнүмдүк пландык чыгуусу 24 автобусту түзөт. Көрсөтүлгөн автобустук каттам №101 кичиавтобустук каттамдагы 72 кичиавтобусту алмаштыра алат.
- №49 автобус (Арча - Бешик ж/к – айланма) узундугу 24,2 чакырым, аралыгы 7 мүнөт, күнүмдүк пландык чыгуусу 11 автобусту түзөт. №33 кичиавтобусту алмаштырат.
- №50 автобус (Рухий – Мурас ж/к- Жилгородок) узундугу 44 чакырым, аралыгы 7 мүнөт, күнүмдүк пландык чыгуусу 19 автобусту түзөт. №66 кичиавтобусту алмаштырат.
- №19 автобус (Ак-Ордо ж/к – Кустанай көч.) узундугу 34 чакырым, аралыгы 7 мүнөт, күнүмдүк пландык чыгуусу 17 автобусту түзөт. №51 кичиавтобусту алмаштырат.
Кошумча суроолор боюнча 0502 205 202 телефонуна кайрылса болот.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/10327